Джош Макдауэлл Эд Стюарт АТА-ЭНЕНИН АЖЫРАШУУСУ ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду; Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган; Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз. ЖЕССИКАНЫН ОКУЯСЫ Он беш жаштагы Жессика Инграм апасы ага эч нерсе жөнүндө айта элек болсо да, кечки үй-бүлөлүк талкуу эмне жөнүндө болорун билип турду. Бул тууралуу Джессиканын эжеси Карен жана иниси Марк да билишкен. Эмне болуп жатканын сокур жана дүлөй адам, же таптакыр келесоо адам гана билмек эмес. Атасы менен апасы балдарына алар ажырашууну чечишкендигин жарыялоого камынып жатышкан эле. Алар бири-биринен бөлүнүп жашап көрүшкөндүгүн жана андан майнап чыкпагандыгын да айтышмак. Бул кечтеги ажырашуу жөнүндөгү маек да, үч ай мурда бөлүнүп жашоону чечишкендиги тууралуу маектей эле, жагымсыз болорун Жессика билип турду. Ушунун баарына күбө болуунун ордуна, ал күкүрт кислотасына толгон цистернага кирип, түбөлүккө жок болууну кааламак! Албетте, так ушинтип өлүп алууну эмес. Себеби ал өзүн-өзү өлтүрүү — бул коркоктук жана күнөө экендигин жакшы билчү. Бирок эгерде бул сүйлөшүүдөн кийин баарынын абалы мурункудан да жаман болгону турса, анда үй-бүлөнүн бардыгы чогулуп сүйлөшүүнүн эмне кереги бар? Жана дасторкондун четинде чогулуп алып, ажырашууну жарыялоо үчүн, буга мынча көп көӊүл буруунун кандай кажети бар? Керебетке туурасынан отуруп алып, Жессика үйдүн ичиндеги оор жымжырттыкты укпаш үчүн, кулагына сайып алып угуп жаткан плееринин үнүн жогорулатып койду. Анын он сегиз жаштагы эжеси Карен жумуштан жарым сааттан кийин келмек, ошондо алар чогуу тамактанып, баягы оор маселени талкуулашмак. Эгерде Карен азыр үйдө болгондо, ал эшиктерди тарсылдатып, ага туш болгондордун баарына ачуусун чыгарып жүрмөк. Азыркылар айткандай, ал жинденип жүрмөк. Апрель айындагы атасы менен апасынын бири-биринен бөлүнүп жашайбыз деген чечимин жарыялаган күндөн баштап, ал болуп жаткан абалга карата өзүнүн ачуусун эч жашырчу эмес. Ошондуктан Карен «жинин чыгарып» жүргөндө, Жессика өзүн жакшыраак сезчү, себеби үйдүн ичиндеги жымжырттыкты көтөрүү мүмкүн эмес эле. Алардын он эки жаштагы иниси Марк өзүнүн бөлмөсүндө отурган. Ал Карендин таптакыр карама-каршылыгы болчу. Биринчи сүйлөшүүдөн кийин апасы анын акыбалын сураганда, ал жөн гана ийиндерин кууштуруп, эч нерсе болбогондой өзүнүн компьютердик оюндарын ойноого кетип калган эле. Азыр да ал музыкасын угуп жатып, компьютердеги марсиандар менен салгылашып жаткандыр. Бирок Жессика ал үчүн тынчсызданып жатты: анын мындай абалы канчага чейин созулаар экен? Апасы үйдө эле. Ал дивандын бурчунда отуруп алып, сүйүү романын окуп жаткан. Эгерде ал Жессикадан бөлмөсүн ирээттөөнү же үй иштерин кылууну талап кылып урушуп койсо, Жессиканын оюнча, ал өзүн жакшыраак сезмек. Бирок апасынын маанайы да, Марк менен аныкындай эле. Атасы болсо, албетте, үйдө жок. Баягы апрель айында, бардыгына бөлүнүп жашоо тууралуу жарыялаган күндөн баштап, алардан бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан батирге көчүп кеткен эле. Бүгүн кечки тамакка ал пицца алып келерин апасы айтканда, Жессика мурдун чүйрүп койду. Эч нерсе болбогондой пицца жеп отуруп, ошол эле учурда үй-бүлөнү талкалоо — орой жана таш боордук менен айтылган тамашага окшоп жатты! Жессика ачка болгон жок. Анын тамакка болгон табити жоголгонуна үч айдай болуп калган. Анын уйкусу да бузулган болчу, себеби териси дүүлүккөндүктөн кычышып жана түшүнө ар кандай жаман нерселер кирип, аны кыйначу. Мунун баары апрель айынан башталган. Ата-энеси бири-биринен бөлүнүп жашайбыз деп чечкендиктен, ал өзүн ушундай сезип жатса, анда алар таптакыр ажырашып кетишсе кандай болот? Жессика бул тууралуу ойлонгусу да келген жок. Музыка анын кулагына жаӊырып жаткан учурда, Жессика сыйынууга аракет кылып жатты. Ал өткөн жайдагы болуп өткөн жаштардын лагерине барып, ал жерден Машаякка ишенип калган болчу, ошентип, бир жылдан бери ал машаякчы эле. Ошол мезгилден баштап анын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Сыйынуу, Ыйык Жазууну окуу, жыйынга баруу анын жашоосунда маанилүү ролду ойной баштаган. Бирок мунун бири да анын үй-бүлөсүнө, тактап айтканда, анын ата-энесине эч кандай таасирин тийгизген жок. Алар Жессика ырдаган жаштардын музыкалык тобу жыйындын программасында болгондо гана, жыйынга айына болгону эки жолу барышчу. Анысы аз келгенсип, ушул убакыттын аралыгында Жессика дайыма ата-энеси үчүн сыйынганына карабастан, алар бири-биринен улам алыстап жатышты. Ага ата-энесинин биригүүсү үчүн сыйынуу таптакыр үмүтсүздөй сезилип жатты. Ал өзүн алардын үй-бүлөсүнүн талкалануусуна, анын да кандайдыр бир тиешеси бардай сезип жатты. Ал көбүрөөк тил алып, ата-энесине көбүрөөк жардам бериши керек эле, өзгөчө, ал машаякчы болгонго чейин ушинтиши керек болчу. Анын өжөрлүгү ата-энесинин жашоосун көз көрүнөө татаалдантып жатканын ал жакшы билчү. Жессика Кудайдан ата-энесине татыктуу жакшы кыз боло албагандыгы үчүн көп жолу кечирим сурап сыйынган болчу. Азыр болсо ал, көбүнчө, Марк жана Карен үчүн сыйынып жүрдү. Өзү үчүн да сыйынды. Кечки тамактануу учурундагы жолугушуу үй-бүлөлүк жашоонун пародиясына окшоп турду. Атасы жана Марк пиццадан жешип, көӊүлдүү кечеде отурушкансып, бейсбол жөнүндө сүйлөшө башташты. Жессика, Карен жана апасы пиццаны сыпаалык менен бир тиштеп, тарелканы ары жылдырып коюшту да, унчугушкан жок. Апасынын көз жашы төгүлүүгө даяр тургандай эле. Карендин көздөрү күйүп, азыр эле жарылчу бомбага окшоп жатты. Жессика эртерээк өз бөлмөсүнө кетип калуу үчүн, бардыгы тез аранын ичинде аякташын күтүп жатты. — Биз, апаӊар экөөбүз, силерге бир нерсени айткыбыз келет, — деп акыр аягында сөз баштады атасы. — Мен кеткен күндөн баштап, биздин көйгөйлөр чечилгендин ордуна, мурдагыдан да оорлошуп кетти. Бөлүнүп жашоо жана үй-бүлөлүк консультациялар жардам бере алган жок. Ошондуктан биз ажырашууну чечтик. Балдарым, силер бир нерсени билүүӊөрдү каалайбыз: буга силер күнөөлүү эмессиӊер, маселенин бардыгы апаӊ экөөбүздө. Биз силердин баарыӊарды жакшы көрөбүз жана биз… Карен ордунан ыргып тура калгандыктан, анын отургучу жыгачтан жасалган полго тарсылдап оодарылып калды. — Мунун баарынан кускум келип кетти! — деп ата-энесине үнүн болушунча кыйкырды. — Эгерде силер бизди чындап эле жакшы көрсөӊөр, муну кылмак эмессиӊер! Силер эмне үчүн бардыгын жөнгө сала албайсыӊар? Менин оюмча, силер аракет да кылып көргөн жоксуӊар, менимче, силер аракет кылууну каалабайсыӊар дагы! Карен өзүнүн ачуулуу сөздөрүн, Жессика мурда эжесинен угуп көрбөгөн сөздөр менен коштоп, ичиндеги туталанган ачуусу менен төгүп жатты. Атасы бир-эки жолу аны токтотууга аракет кылып көрдү, бирок анын бул ийгилиги шамалга каршы түкүргөн менен барабар болду. Анан ал унчукпастан бардыгын угууга аргасыз болду. Анын аракетинен эч нерсе өзгөрбөй турганын Жессика жакшы түшүнүп турду. Апасы көздөрүн жумуп алып, акырын ыйлап отурду. Ал эми Марк пиццасын акырын тиштегилеп, жеп жатты. Карен канчалык кыйкырган сайын, Жессика да ошончолук ачууланып, ичи ачышып турганын сезип турду. Жессиканын айткысы келген сөздөрдүн бардыгын Карен төгүп жатты. Ошентип Карен сиӊдиси экөө үчүн болгон «жинин чыгарды». Анан качан Карен ыйлай баштаганда, Жессика да тамагы буулуп, көзүнөн ысык жаш агып баратканын сезди. Ал эжесинин айткан сөздөрүнүн бардыгына кошула албаса да, анын болгон сезимдерин ачык айтып салганды билген жөндөмдүүлүгүнө көз артып турду. Жессикага чексиз созулгандай бир нече мүнөттөн кийин бардыгы бүттү. Атасы айткысы келгендин баарын айтты, Карен болсо жарылып алды. Андан соӊ атасы балдар алардын кимиси менен жана канча убакытка жашай алары жөнүндөгү маселени апасы экөө чечип жатышкандыгын айтты. Жессика үчүн бул аша чапкандык эле. Атасы башка батирге кетип жатканда, балдарды апасы менен таштап кеткен болчу. Анан Карен Жессикага, балким, атасы башка бирөө менен жолугушуп жүргөндүгү жөнүндө айткан, ушул себептен улам, ал Марктын же кыздардын бири менен чогуу жашоону каалабай турганын да айткан эле. Эми болсо атасы үй-бүлөнү мурункудан да ашыра бөлүп салуу жөнүндө сүйлөп жатты. — Балким, сентябрда, сабактар башталган кезде, силердин бирөөӊөр мени менен жашаганга келерсиӊер, — деди атасы Жессиканы карап. Жессика болсо атасын же апасын тандоону таптакыр каалаган жок, бирок ошол эле учурда, бир жактан экинчи жакка секирген топ сыяктуу болууга да даяр эмес эле. Анын бөлмөсү, анын бардык буюмдары бул жерде, анын орду да апасы, Карен жана Марктын жанында экендигин сезип турду. Ал апасы менен калууну каалап жатканын атасына кантип айтышты билбей турду. Атасынын жети жарымда жолугушуусу бар болгондуктан, ал саат жетиден бир аз өткөндө эле кетип калды. Жессика атасын жакшы көрчү, бирок ал азыр кетип калганда жеӊилдей түштү. Бүгүнкү күн үчүн бардыгы жетиштүү эле. Карен апасына дасторконду жыйнаштырууга жардам берди, Марк марсиандар менен салгылашуусун улантууга жөнөдү, ал эми Жессика бөлмөсүнө барып, кулагына наушниктерин кийди. Азыр, ушул учурда апасы Карен менен болуп өткөн сүйлөшүүнүн майда-чүйдөсүн талкуулап жатышканын Жессика билип турду, бирок бул талкууга анын катышкысы келген жок. Анын пикиринде, ажырашуу — бул жеке маселе, ошондуктан аны чогуу көргөн кинодой кылып, башкалар менен талкуулоого болбойт деп ойлочу. Жана бул жөнүндө достор менен сүйлөшүүгө да болбойт. «Карачы, мен сатып түгөтүү акциясынан кандай сонун кроссовки сатып алдым жана дагы менин ата-энем ажырашып жатышат» — деп айтмак беле? Жессика машаякчы болуунун дагы бир артыкчылыгын капысынан сезе түштү, бул артыкчылыкты ал мурда сезген эмес болчу. Анын эӊ жакын курбулары жана жаштар кызматынын жетекчилери болгон Даг жана Джинни Шоу, булардын баары жыйындан болушчу. Бирок алардын бири да анын үй-бүлөсү менен тааныш болбогондуктан, ата-энесинин ажырашуусу тууралуу билишкен жок. Жессика да аларга айтууну каалаган жок. Аны жайкы жаштар лагерине чакырган жана Ыйсаны кабыл алганда, аны менен чогуу сыйынган эӊ жакын курбусу Натали Симонс да, Жессиканын ата-энеси бири-биринен бөлүнүп жашашарын гана билчү. Эми Натали ага ата-энесинин ажырашкандыгы жөнүндөгү сырды эч кимге айтпоого жардам берсе эле болду. Бирок анда ал да бул көйгөйдү билип калат да. Ошондо Жессика ага баарын айтып берүүнү чечти. Башка эч кимге айтпайт. — Мен Наталиге кеттим, саат онго келип калам, — деп Жессика апасына шашыла айты. Апасы андан бир нерсе деп сураганга чейин, Жессика велосипедине отура калып үйдөн чыгып кетти. Жайдын жагымдуу кечтеринин бири эле. Үйдүн ичиндеги пиццанын жыты оор сүйлөшүүнү эске салып тургандыктан, Жессика үйүнөн чыгып кеткенине өзүн жакшыраак сезе түштү. Эми мындан ары ал пиццаны бир тиштем да жей албай тургандай сезилип жатты. — Сенин ата-энеӊ ажырашып жатышабы? О Жесси, бул кандай кайгылуу! — деди Натали. Жессика таӊ кала карап калды: курбусунун үнүнөн, анын кайгысын теӊ бөлүшүп жатканы, аны жакшы көрөрү сезилип турду жана анда эч кандай айыптоонун же жемелөөнүн кичинекей да белгиси жок эле. Кыздар велосипеддерин минип алышып, шаардын сейил багына келишти да, кош селкинчектерге отурушту. Анан Жессика кечки тамак учурундагы сүйлөшүүнү курбусуна айтып берди. — Сага рахмат, бирок эч кимге айтпа, макулбу? Бул сыр, — деди Жессика. — Сыр дейсиӊби? Мага түшүндүрүп берчи, суранам, — деп сурады Натали. — Мен бул тууралуу жыйындагылардын бири да билишин каалабайм. Азыр да сага баарын айтып бергенден кийин, бул тууралуу мындан ары сүйлөшкүм келген жок, — деп түшүндүрдү Жессика. — Бирок эмнеге, Жесси? — деп Натали кайрадан сурады. Бир саамга Жессика эмне дээрин билбей калды, ал канчалык чынчыл болушу керектиги тууралуу ойлонуп калды. Наталиге болгон көйгөйдүн маанилүү бөлүгүн айтып берген соӊ, ага акырына чейин чынчыл болууну чечти, бирок муну кылуу ага оор болуп жатты. — Себеби… себеби… менин үй-бүлөм кадимки үй-бүлөлөрдөй эмес, сен мени түшүнүп жатасыӊбы? Менин ата-энем машаякчы эмес жана алардын азыркы кылып жаткан иши да мактанаарлык иш эмес. Ошондуктан бул тууралуу эч ким билбей койсо, мага жакшы болмок, — деди да, селкинчекти катуураак тебүү үчүн Жессика серпиле баштады. Натали да анын артынан ээрчип, селкинчекте серпиле баштады, ошентип, алар бир нече мүнөттөй унчукпай селкинчек тээп жатышты. Селкинчек токтогон кезде, Натали Жессикадан: — А Джинничи? — деп сурады. Джинни Шоу жана анын күйөөсү Даг жыйындагы жаштар кызматын жетектеген ыктыярчылар. Алардын жашы отуздан ашкан эле. Джинни Жессика Машаякты кабыл алганда, аны менен чогуу бир лагерде болгон жана бир нече жума бою анын руханий өсүүсүнө жардам берип жүргөн эле. — А Джинни эмне болуптур? — деп Наталинин суроосуна суроо менен жооп берди Жессика. — Ал сенин ишенимдеги эжеӊ эмеспи, сен өзүӊ айткансыӊ го. Менин оюмча, сен үйүӊдөгү болуп жаткан нерселерди ага айтып беришиӊ керек. Ал сага бул абалыӊдан чыгууга жардам бере алат, — деди Натали. — Мен өзүм деле чыга алам, Натали. Мен башкалар сыяктуу, ачык-айкын кылбасам да… баарын кыла алам, — деди ал. — Ажырашуу — бул олуттуу көйгөй. Бул абалдан өз алдынча чыгуу өтө оор, — деди Натали «улуу эженин» милдетин алып. — Бирок мен сага айтып бердим го, туурабы? — Ооба, албетте, мен сен үчүн сыйынып турам. Мен сенин курбуӊмун да, ошондуктан сенин жаныӊда болом, — деди Натали ишендире. — Бирок, менимче, Джинни мага караганда, сендеги эмоциялар менен сага жакшыраак жардам бере алмак. — Эмоцияларым мененби? Билесиӊби, мен биздин үй-бүлөдөгү эӊ эле эмоциясыз адаммын. Менин эжем Карен, мына анда эмоциялар бар, — деди Жессика. Ал курбусу менен талашууну каалаган жок жана курбусунун сөздөрү туура болгонуна карабастан, аны эмне кылуусу керектигине үйрөтүп жаткандыгы ага жаккан жок. Натали бир саамга унчукпай калды, ошондо Жессика аны тынчып калды деп ойлоду. Бирок ал кайрадан: — Эсиӊдеби, эки жыл мурда менин байкем каза болгондо? — деди. — Ал кезде биз мынчалык жакын эмес элек. Ал кырсыктан каза болгон да, туурабы? Натали башын ийкеди. — Анын өлүмү биздин үй-бүлөбүздү кайгыга салган болчу. Ошол кезде бул кайгыдан чыгуу үчүн, мурунку көнүмүш жашоого кайтып келүү керек деп ойлочумун. Ошентип мен өзүмдү мажбурлай баштаган элем. Кайгыруу — бул табигый көрүнүш экендигин жана мындан мен өтүшүм керектигин билчү эмесмин. Ошондо Джинни менен Даг менин сезимдеримди түшүнүүгө жардам беришкен. Жессика окуянын уланышын күтүп карап турду, бирок Натали унчукпай калды. Анын дагы бир нерсе айтуусуна кажет жок эле. Ажырашуу — бул өлүм. Сен мындан өтүшүӊ керек, сен өзүӊдүн сезимдериӊди сага жардам бере алган бирөөгө айтып беришиӊ керек. Джинни — сенин Теӊирдеги улуу эжеӊ, сен ага барышыӊ керек деп Жессиканын ичиндеги үн айтып жатты. Алар дагы бир нече мүнөт унчукпастан селкинчек тээп отурушту, анан Жессика ордунан туруп: — Мен үйгө барайын. Марк үчүн тынчсызданып турам. Анын жанында бир аз болуп турайын, — деди. Алар велосипеддерине минээрдин алдында, Натали курбусун бекем кучактап: — Жесси, мен сенин кайгыӊды теӊ бөлүшөм. Мындай оор абалды башыӊдан өткөрүп жатканыӊа өкүнүп турам, — деди. — Рахмат, сага. Мен үчүн кам көрүп жатканыӊа, рахмат, — деп Жессика даНаталини кучактады. Ал түз эле үйүнө барууга шашылуунун ордуна, Джинниге өзүнүн жашоосундагы эӊ оор абалды айтуу керекпи же жокпу, ушул жөнүндө дагы бир аз ойлонуп алууну каалады. Ой жүгүртүү убактысы Ажырашуу — дүйнөдөгү кайсы гана тил болбосун, эӊ кайгылуу сөздөрдүн бири, өзгөчө, ата-энеси ажырашып жаткан балдар үчүн бул — эӊ оор сөз. Жана мурунку муундагы адамдардын жашоосуна караганда, биздин күндөрүбүздө бул көйгөй улам көбүрөөк адамга таасирин тийгизип жаткандай көрүнөт. Акыркы жүз жылдыктын ортосунда Кошмо Штаттардагы ажырашуунун саны 25% түзгөн болсо, алтымышынчы жылдарда бул көрсөткүч 50%, керек болсо андан да жогорку деӊгээлге көтөрүлгөн. Биздин мектептердеги балдардын жарымынан көбүнүн ата-энелери ажырашып кеткен, же алар чогуу жашашпай турганы шексиз. Балким, сиз бул саптарды окуп жаткандыгыӊыздын себеби да сиз ошондой балдардын биридирсиз. Ажырашуу ушунчалык оор болгондугунун себеби ал сиздин жашооӊуздун эӊ алгачкы этаптарынын негиздерин талкалаганы. Эгерде сиз коргоого муктаж болгон жаш бала болсоӊуз, анда ата-эне сиз үчүн — сүйүүнүн жана коопсуздуктун негизги булагы болуп саналат. Кудайдын планындагы үй-бүлө мына ушундай иштеши керек. Өспүрүм жана эр жеткен кезде да, сиздин ата-энеӊиз чогуу болуусу сизге кепилдик жана коопсуздук сезимин тартуулап турат. Бирок качан бул негиздер ата-эненин ажырашуусу же бөлүнүп жашоосу аркылуу талкаланганда, сизге мунун баарын кабыл алып түшүнүүгө же анын натыйжасы менен күрөшүүгө өтө оор болот. Так эле Жессика Инграм сыяктуу. Эгерде сиздин ата-энеӊиз ажырашып кеткен болсо, же алар бири-биринен бөлүнүп жашашса, анда эӊ эле ири диапазондогу күчтүү эмоциялар сизди толтуруп жатышы толук мүмкүн. Ар кандай убактарда сиз ачууланууну, намыстанууну, күнөөлүү сезимди, каарданууну, коркунучту, эмне кылуу керектигин билбөөнү, туталанууну, кош көӊүлдүүлүктү же жалгыздыкты сезишиӊиз ыктымал. Балким, бул анча деле таӊ каларлык эмес же болбосо келесоолуктай көрүнүп жаткандыр, бирок сиз өзүӊүздү так ушундай сезип жатасыз. Жана сиз эч нерсени өзгөртө албайсыз. Бирок сиз өзүӊүздүн ичиӊиздеги сезимдериӊизди аныктап, аларды түшүнгөндөн кийин, аларды туура башкарууну үйрөнө аласыз. Өзүӊүздүн сезимдериӊиз жана көйгөйлөрүӊүз менен сизден руханий жактан улуу машаякчы — досуӊуз менен бөлүшкөнүӊүз, сизге зор жардамын тийгизе алат. Жана Натали Жессикага кеӊеш кылгандай, жаштар кызматынын жетекчисине же кызматчысына, же болбосо сиздин жыйындагы кимдир бирөөгө кайрылып, андан сооронуу, көмөк жана кубаттоо алуу жакшы болот. Сиздин ата-энеӊиз ажырашып жаткандыгы тууралуу жаӊылыкты кандай кабыл аласыз? Төмөндө берилген ырастоолор сиздин сезимдериӊизди чагылдыра алабы, текшерип көрүӊүз. Мен буга ишенбейм жана бул тууралуу сүйлөшүүнү каалабайм. Ата-энесинин ажырашуусуна эч нерсе болбогондой мамиле кылуу же алар таптакыр ажырашып кетишпейт деп өзүнө кайталап айта берүү — кадимки эле көрүнүш, мында таӊ каларлык эч нерсе жок. Жессиканын иниси Марк да, анын ата-энесинин ортосунда эч кандай көйгөйү жок деп өзүн-өзү ишендирүүгө аракет кылып жатат. Бул көйгөйдөн баш тартуунун дагы бир түрү — бул жанында жок болгон атасын же энесин эӊ мыкты жана сонун адам катары элестетип алуу, же болбосо өзүнүн тынчсызданууларын жашырыш үчүн, ачык түрдө болуп жаткан жагдайлары менен курчаган адамдардын алдында тез-тезден мактана берүү. Ошондой эле Жессика сыяктуу да мамиле кылуу, башкача айтканда, бул тема тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартуу. Баш тартуу же моюнга албоо — оор көйгөйлөрдөн чыгуунун кадимки ыкмаларынын бири, бирок бул — туура эмес ыкма. Мен уялып жатам жана мага абдан ыӊгайсыз болуп жатат. Уялуу жана оӊтойсуздануу — ата-эненин ажырашуусуна карата болгон сезимдердин эӊ эле кеӊири тараган түрү. Жессика сыяктуу эле, сиз да үйүӊүздөгү болуп жаткан окуяны досуӊузга айтып берүү үчүн, өзүӊүздү оӊтойсуз сезишиӊиз мүмкүн. Ажырашуу сиздин пикириӊизде, үй-бүлөӊүздүн абалы абдан начар дегенди көрсөтүп турат деп ишенесиз, ошондуктан сиздин ата-энеӊиздин бири-бирине жасаган ушундай мамилеси үчүн, алардан уялып жана өзүӊүздү ыӊгайсыз сезишиӊиз мүмкүн. Алардын жашоосунун кескин өзгөрүшү, мисалы, атаӊыздын же апаӊыздын өзүнчө бөлүнүп жашашы жана башка бирөө менен жолугушуп жүрүшү сиздин тынчыӊызды алышы мүмкүн. Жана дагы жыйындагылар менен жыйын жетекчиси да сиздин үй-бүлөӊүзгө терс мамиле кыла баштаганын байкашыӊыз мүмкүн. Бирок ажырашуунун өзү канчалык кайгылуу жана оор болгонуна карабастан, бул нерсени эстеп алыӊыз: ажырашуу — сиздин барктуулугуӊузду же үй-бүлөӊүздүн барктуулугун эч кандай чагылдырбайт. Мен өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Сиз да, Жессика сыяктуу эле, ата-энеӊиздин ажырашуусуна өзүӊүздү күнөөлүү сезишиӊиз мүмкүн, сиздин кылык-жоруктарыӊыздан улам алар ажырашып жаткандай сезилиши мүмкүн. Өзүӊүздүн начар бааларыӊыз үчүн, же тил албастыгыӊыз үчүн, тез ачууланганыӊыз үчүн, бир тууганыӊыз менен урушуп кеткениӊиз үчүн же ата-энеӊизди сүйөрүӊүздү жакшы көрсөтө албагандыгыӊыз үчүн, сиз бул көйгөйгө карата кандайдыр бир жоопкерчиликти сезишиӊиз да толук ыктымал. А балким, кимдир бирөөлөр сизге, сиздин жүрүм-турумуӊуздун айынан ата-энеӊиз ажырашып жатышат деген айыптоо сөздөрүн айткандыр. Мындай мамилелер болуп жаткан абалды дароо эле оӊдоп жиберүүгө болгон каалоону пайда кылат. Бирок сиз бул нерсени жакшы түшүнүп алыӊыз: үй-бүлөӊүздүн талкаланышына же анын кайра калыбына келишине сиз эч кандай жоопкерчиликте эмессиз. Мен ачууланууну жана таарынычты сезип жатам. Ата-энеӊиздин ажырашуусунун себебинен улам, сиз ачууланып жаткандырсыз, анткени бул үй-бүлөлүк атмосфераны талкалап, мурда тартиптүүлүк менен ирээттүүлүк өкүм сүргөн жерде тартипсиздик менен баш аламандык орноду. Жана дагы сиз атаӊыздан же энеӊизден айрылып калууну каалабагандыктан да, сизде ушул сезимдер болуп жатышы мүмкүн. Анын үстүнө, сизди жалгыз таштап кеткендей сезимдер да күйүп турган отко май куйгандай болуп, абалыӊызды оорлотот. Ошондой эле сиз досторуӊуздун жана курбуларыӊыздын үй-бүлөлөрүндө бардыгы жайында болгону үчүн, өзүӊүздү алардын алдында кемсинтилгендей сезишиӊиз мүмкүн. Жана дагы, сиз ата-энеӊиздин ортосундагы кастыктан да жабыркашыӊыз мүмкүн. Ажырашуунун финансылык жана денелик жактан баскан жүгү жана көптөгөн башка себептерден улам, сиз ачууланып жатышыӊыз мүмкүн. Кандай болбосун, сиз кимдир бирөөгө ичиӊизди толтурган ачуулануу сезимдериӊизди айтып, бул сезимди туура жана эч кимге зыян келтирбей турган жолдор менен башкарууну үйрөнүшүӊүз керек. Менин тынчым кетип, коркуп турам. Коркуу жана тынчсыздануу — бул ата менен эненин ортосундагы болуп жаткан көйгөйлөргө жооп катары кадимки жана көптөрдүн арасында таркаган сезимдер. Балким, сиз эми мындан ары кайсы жерде жашап, окуп же каникулдарды өткөрө тургандыгыӊыз үчүн тынчсызданып жаткандырсыз. Балким, үй-бүлөӊүздүн башка мүчөлөрүнүн, досторуӊуздун же жыйыныӊыздын бул абалга карата көз караштарынан коркуп тургандырсыз. Ошондой эле, эгерде сизди атаӊыз же энеӊиз таштап кетсе, анда анын тарабындагы туугандарыӊыз да сизди таштап кетишинен коркуп жаткандырсыз. Жессиканын ачуулануусу менен корккондугу, анын тамакка табити жоголуусуна, түнкү уйкусу бузулуп, ар кандай түштөрдүн коркунучтары пайда болушуна жана терисинин дүүлүгүп кызаруусуна себеп болгон. Ошондуктан өзүӊүздүн коркунучтарыӊызды мойнуӊузга алып, аларды ата-энеӊизге жана жыйын кызматчыларына айтып берүүӊүз өтө маанилүү. Мен жеӊилдеп калдым. Атаӊыз энеӊиз менен ажырашып жатканда, башка эмоциялар менен бирге, сизде жеӊилдене түшкөндөй да сезимдер пайда болушу мүмкүн. Бул сиздин таш боорлугуӊузду жана аларга карата аео сезиминин жоктугун билдирбейт. Жөн гана сиздин оюӊузда: эмнеси болсо да, алардын урушун күн сайын укпасам эле болду деп жаткандыгыӊызды билдириши мүмкүн. Атаӊыз менен энеӊиз ажырашып кетишсе, анда алар бир туугандарыӊызга же сизге көрсөткөн кордугунан, же орой мамилесинен кутулууга боло тургандай сезим пайда болушу мүмкүн. Бирок сиздин ичиӊиздеги жеӊилденүү сезими жөн гана абалдан качып кетүүгө же ата-энеӊизден өч алууга карата жасалган аракет эмес экендигин аныктап алганыӊыз өтө маанилүү. Мен өзүмдү татыксыз, четке кагылган жана эч ким сүйбөгөндөй сезип жатам. Ата-энеӊиздин ажырашуусунан улам, сизди эч ким сүйбөй тургандай сезимдер толтурушу мүмкүн. Сиздин оюӊузда: атам менен апам үчүн мен анча деле кымбат эмесмин, ошондуктан алар бул көйгөйдү чечүүгө аракет да кылышкан жок,— деп жаткандырсыз. Жана сиз менен мындан ары жашабай турган атаӊыз же энеӊиз сизди таштап кетип калгандай сезилиши мүмкүн. Ошондой эле сиздин үй-бүлөӊүздүн башка мүчөлөрү, досторуӊуз жана курбуларыӊыз же жыйындагы адамдар сизге жогорудан карап жаткандай сезилиши ыктымал. Же болбосо сизди үмүтсүздүк менен четке кагылуу сезимдери толтуруп жаткандыр. Бул тууралуу ата-энеӊизге, жаштар кызматынын жетекчисине же жыйын кызматчысына айтып бериӊиз. Алар сизге ажырашуу — сиздин барктуулугуӊузду эч качан чагылдырбайт экендигин жана ата-энеӊиз сизди сүйбөйт дегенди билдирбестигин түшүндүрүп берсин. Менин жүрөгүм кайгырып, үмүтсүздүккө толуп турганын сезип турам. Азыр сизди толтуруп турган сезимдер жакын досу же сүйгөн адамы өлүп, алардан биротоло ажырганда боло турган кайгыруу сезимдерине абдан окшош. Ажырашууда атасы да, энеси да тирүү, бирок баары бир мындан кайгыруу же азап тартуу азайып калбайт. Кээ бир күндөрү сиздин жүрөгүӊүздү муӊ басып, ушул сезимге баш ийесиз. Сиздин эмоцияларыӊыз чегине жетип, кичине эле бир нерсе болсо, сиз жарылып кетчүдөй болот. Жана бул сезимдерди аныктоого же түшүнүүгө мүмкүн эместей сезилип, сиздин жарылганыӊызга эмне себеп болгонун билбей да каласыз. Кайгыруу — бул нормалдуу жана кадимки эле сезим, бирок ал үмүтсүздүккө алып келбеши керек. Мен алсыздык менен ишенимсиздикти сезип турам. Ата-энеӊиздин ажырашуусу сизди дүрбөлөӊгө салып, бушайман кылышы мүмкүн, себеби буга тоскоолдук көрсөтүү үчүн сиз эч нерсе кыла албайсыз. Сиз ажырашуунун себептерин жок кылуу үчүн, убакытты артка кайтарып, өткөн нерсени өзгөртө албайсыз. Жана дагы, ата-энеӊиздин чечимине таасириӊизди тийгизип, алардын мамилесин жакшырта албайсыз. Ошондуктан бул кайгылуу жагдай сиздин ичиӊизде алсыздык менен ишенимсиздикти пайда кылышы мүмкүн. Эгерде сиз көӊүлүӊүздү абалдын терс жактарына эле бура берсеӊиз, анда өзүӊүздү мурункудан да жаман сезе бересиз. Ошондуктан сиздин колуӊуздан эмне келбей жатканы жөнүндө эмес, сизди толтурган сезимдер менен эмне кыла аларыӊыз жөнүндө тереӊ ойлонушуӊуз керек. Мени сатып кеткендей жана жалгыз таштап койгондой сезип жатам. Ата-эненин ажырашуусунан кийин, өзүӊүздү четке кагылгандай жана жалгыз калгандай сезүү таӊ калыштуу эмес. Балким, атаӊыз же энеӊиз сизди сатып кеткендей сезилип жаткандыр. Сиз оюӊузда: менин сезимдеримди эч ким түшүнбөйт, мен өзүмдү кандай сезип жатканымды эч ким билбейт, — деп жаткандырсыз. Балким, сиз жыйыныӊыз тараптан, дос-курбуларыӊыз тараптан, өзгөчө ата-энелери менен чогуу жашаган досторуӊуз тараптан бөлүнүүнү сезип жаткандырсыз. А балким, сиз Кудай тараптан да бөлүнүп калгандай сезип жаткандырсыз. Жессика же компьютердик оюндарга баш-оту менен кирип кеткен Марк сыяктуу, мындай сезимдер сизди да адамдардан алыс болууга түртүшү мүмкүн. Ушундай оор күндөрү жалгыз болууну каалап жатканыӊызга карабастан, сизди сүйгөн адамдар менен чогуу сүйлөшүүӊүз абдан маанилүү. Мисалы, ата-энеӊиз же жыйындагы жаштар кызматынын жетекчиси. Сизди кандай гана сезимдер толтуруп жатпасын, Кудай сиздин оор абалыӊыз тууралуу билеринен жана Ал сиз үчүн кам көрүп жатканынан эч шектенбеӊиз. Ыйык Жазууда: «Теӊир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат» (Заб. 33:19) жана «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат» (Заб. 146:3) — деп жазылган. Теӊир сиз менен чогуу кайгырып эле турбастан, Ал сизди сооротуп, сизди Өз колуна алып, жан дүйнөӊүздөгү жарааттарыӊызды таӊып айыктыргысы келет. Ал сизди жаш баланын ишеними менен «бардык түйшүктөрүӊүздү Ага тапшырышыӊызды, анткени Ал сиз үчүн кам көрүшү» (1 Пет. 5:7) үчүн, сыйынуу менен Ага келишиӊизди каалайт. Сиздин үй-бүлөӊүз туш болгон абал өтө кайгылуу болсо да, андан чыгууга болот. Жөн гана сиздеги сезимдерди кимдир бирөө менен бөлүшүп, сыйынууга убакыт бөлсөӊүз, анда үй-бүлөӊүздө болуп жаткан өзгөрүүлөргө көнүп кете аласыз. Сизди үмүтсүздүк менен кайгы толтура баштаганын сезгениӊизде, жалгыздыкта азап тартып отуруу менен абалдан чыгууга аракет кылбаӊыз. Сизге жардам бере алган бирөө менен сүйлөшүӊүз. Жессика да ошондой кылууга аракет жасап жатат. ЖЕССИКАНЫН ОКУЯСЫ Жума күнү таӊ аткандан баштап, Жессика «Джинни Шоуга телефон чалсамбы же чалбасамбы» деп чече албай жатты. Бир жагынан мунун баары акылсыздыктай сезилип жатты, себеби өткөн жайкы лагерде Джинни менен таанышкан күндөн баштап, ал Жессикага эӊ жакын дос жана насаатчы болуп жүргөн эле. Бирок ошого карабастан, Жессика ага өзүнүн ата-энеси ажырашып жаткандыгы тууралуу айтып берүүдөн бир аз уялып турду. Бирок Натали аны Джинниге телефон чалуусу керектигине көндүрүп жатты эле, ал эми Жессика өзүнүн курбусунун пикирин сыйлачу. Акыры ал Джиннинин телефон номерин терип, ага эч нерсе айткысы келбесе да, бул кылып жаткан иши туура экенин билип, ага чалды. Окуянын чоо-жайын айтып берүүнүн ордуна, Жессика Джинни менен өтө маанилүү нерсе жөнүндө сүйлөшүшү керектигин жана аны менен жолуга аларын сурады. Джинни эртеси күнү түштөн кийин, Даг экөө иштеткен типографиядан чыга аларын айтты. Аба-ырайы ачык жана ысык болгондуктан, Джинни дарыянын жээгинде эс алып отурууну сунуштады. Жессика макул болду, анан Джинни аны саат бирге жакын үйүнөн алып кетмек болду. Эртеси күнү алар жолугушуп, жашыл шиберлүү суунун жээгинде отурушту. Алар суунун жээгинде ойноп жаткан балдарды карап турушту да, алардын маегин чоочун адамдар укпашы үчүн, алардан алысыраак жайланышты. Алар жерге чоӊ сүлгүнү жайып, бири-бирине күндөн сактоочу кремди сүйкөштү. Жессика эмнеден баштаарын билбегендиктен: — Менин ата-энем ажырашып жатышат, — деп дароо айта салды. Джинни эмне дээрин билбей, таӊ кала карап: — О, жок, Жесси, чын элеби? — деди ал, Жессинин колун кармап. — Мен бул тууралуу билген эмес экенмин. Мен эч нерсени укпаптырмын, — деди. Анын үнүндө Жессиканын кайгысын түшүнүп тургандыгы байкалып турду. — Бул тууралуу Наталиден башка эч ким билбейт, — деп түшүндүрдү Жессика. — Мен эч кимдин билишин каалаган жокмун. Бирок Натали мага сени менен сүйлөшүшүм керектигин айтты. — Бул абдан өкүнүчтүү, Жесси. Сага азыр оор болуп жаткандыр. Жессика анын сөздөрүнөн сооронучту, ал эми колдорунан анын кам көрүүсүн сезип турду. Эми ал Джинни менен сүйлөшүүнү чечкенине кубанып калды. — Эми биздин үйүбүздө бардыгы мурункудай эмес, бардыгы… башкача, — деди ал. — О, Жессика, бул жөнүндө угуу өтө өкүнүчтүү. Мага бардыгын айтып бергиӊ келсе, мен сени угуп жатам, — деди Джинни көзүнө жаш айланып. Муну көргөн Жессиканын да тамагы буулуп, ыйлагысы келип кетти. Ал атасы менен энесинин ортосундагы конфликт жөнүндө, алардын бөлүнүп жашагандыгы жана ажырашуусу жөнүндө бирөөгө айтып берүүгө канчалык даяр экендигин өзү да билген эмес эле. Жарым сааттай ал Джинниге болгон окуянын бардыгын айтып, ичиндегисинин бардыгын төгүп жатты. Уруш да, жаӊжал да болбогондугун, мушташуу да болгон эмес экендигин ал түшүндүрүп жатты. Мунун бардыгы болгондо, алардын ажырашуусун кабыл алуу жеӊилирээк болмок эле. Бирок атасы менен энеси жөн гана унчукпастан эле бири-биринен алыстап кетишти. Алар бир жерде чогуу отурушканда да, ар бири өз-өзүнчө, өздөрүнүн жеке дүйнөсүндө жашап жаткандай сезилчү. Атасы болгон убактысынын бардыгын өз бизнесине, гольфко жана клубдарга кетирчү. Ал эми энеси болсо сүйүү романдардагы, телесериалдардагы жана кинолордогу ойдон чыгарылган жашоого баш-оту менен кирип кеткен. Атасы менен энесин кызыкчылыктары ар кандай болгондуктан жана аларды бириктирген эч нерсе жок болгондуктан, алар чогуу жашабай эле коюшса, бактылуураак болушмак деп ой жүгүртүп жатты Жессика. Ал күз келгенде боло турган нерселерди: ким ким менен жашай тургандыгы жөнүндө айтып бергенге чейин, өзүн бекем кармап турду. — Атам мен же Карен аны менен жашашыбызды каалап жатат окшойт, бирок мен үй-бүлөмдү мындан да көбүрөөк талкалагым келбейт. Мен атамды жакшы көрөм, бирок менин ордум апамдын, Марк менен Карендин жанында. Мен эмне кылышты билбей калдым, — деп Жессика ыйлап жиберди. Алардын жанында эч ким жок болгонуна карабастан, Жессика элдин көзүнчө ыйлагысы келген жок. Ал өзүн карманууга аракет кылып жатты, бирок Джинни аны кучактаганын сезгенде жана анын да көзү жашка толуп турганын көргөндө өзүн токтото албай калды. — Баары жайында, Жесси, ыйлап ал. Сага канчалык оор болуп турганын мен билем. Мунун бардыгы абдан өкүнүчтүү. Мен сени мененмин. Ыйлап ал, — деди Джинни. Жессика ичиндеги бугун чыгарып, буркурап ыйлап жатты. Бул анын, ата-энесинин ажырашып жаткандыгы үчүн, биринчи жолу ыйлап жаткандагысы эле. Көздөрүн сүлгү менен аарчып жатып, анын ичинде да эжеси Карендегидей от жалындап бара жатканын сезди. Көз жашы аркылуу анын эмоцияларын кармап турган тоскоолдуктар бузулуп, эми бардыгы сыртка чыгып жаткандай болду. — Эмне үчүн, айтчы, эмне үчүн алар бизге ушундай мамиле кылышат? Бул туура эмес да! Бул адилетсиздик да, өзгөчө, Маркка карата бул адилетсиздик! — деди ал. Жалгыздыкта азап тартып жаткан иниси жөнүндө ойлогондо, анын көз жашы кайрадан төгүлө баштады. Джинни аны кучагынан чыгарбастан, ага: — Мунун бардыгынан өтүшүӊ керек болгондугу үчүн өкүнүп турам, Жесси, анткени мен сени жакшы көрөм. Бирок мындан биз чогуу өтө алабыз, мен сенин жаныӊда болом, — деди. Андан соӊ ал сыйынды, ошондо Жессика Джинни, чын эле, анын улуу эжесиндей экендигин сезди. Бир нече мүнөттөн кийин алар көздөрүн аарчышып, өздөрүн ирээттей башташты жана башкалардын көзүндө алар кандай көрүнгөндүгү жөнүндө да тамашалаганга жетишишти. Андан кийин Джинни олуттуу үн менен: — Ажырашуу — бул жакын адамыӊдын өлүмү сыяктуу. Сенин жакындарыӊдын бири өлүп калса, сен кайгыруунун ар кандай тепкичтеринен өтөсүӊ. Ошондой сыяктуу эле үй-бүлө өлгөндө да, ушул эле нерседен өтүшүӊ керек болот. — Ооба, Натали ушул сыяктуу бир нерселерди мага айткан болчу. Мунун бардыгы мага түшүнүктүү, бирок мен бул кандай тепкичтер экендигин билбейм, — деп түшүндүрдү Жессика. Бир нече мүнөт Джинни Жессикага кийинки бир нече жуманын аралыгында анын башына түшө турган кыйынчылыктардын беш стадиясы жөнүндө сүрөттөп айтып берди. Мындай жөнөкөй түшүндүрүү Жессикага азыр андагы болуп жаткан сезимдерди түшүнүүгө жардам берди. Андан кийин Джинни: — Биз дагы бир нече жолу жолуксак жакшы болмок. Сенин сезимдериӊ жөнүндө сүйлөшсөк жана бул тепкичтерден кантип өтүүгө болору жөнүндө сүйлөшсөк жакшы болмок. Макулсуӊбу? — деп сурады. — Мен жаӊы эле ишенип калган кездегидей болуп, чогуу эрте менен тамактанган күндөр сыяктуубу, же Ыйык Жазууну окуу сабактарындагыдай болуппу? — Ооба, эгер сен кааласаӊ. Жессика жылмайды. Джинни менен чогуу өткөргөн убакыттар анын ишеним жолунда бекемделүүсүнө жана ал жаӊы ишенген кезде, руханий жактан өсүүсүнө жардам берген болчу. — Ооба, албетте. Мен муну абдан каалайм, — деп жооп берди Жессика. Ошентип Жессика Джинни экөө кийинки эки ишемби күндөрү, эрте мененки тамакты чогуу өткөрүүгө, андан кийин керек болсо дагы жолугушуп турууга макулдашышты. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин, алар сууга чөмүлүп чыгуу үчүн ылдый түшүштү. Ата–энеси чогуу жашабай калгандан бери, Жессика кайгысында жана оор абалында, биринчи жолу, жалгыз эмес экендигин сезе түштү. Кийинки жуманын ичинде Джинни ага бир нече жолу телефон чалып, электрондук почта аркылуу кубаттоо сөздөрү жазылган каттарды жиберип турду. Натали да телефон чалып, же ал үчүн сыйынып жаткандыгын эскертип кетүү үчүн, анын үйүнө чуркап келип турду. Биринчи жуманын ичинде ага өзгөчө оор болду, анткени атасы менен энесинин ажырашуу боюнча чечими өзгөрбөс экендиги аныкталды. Ал Марк жана Карен үчүн да кабатырланып жатты, себеби алар да өздөрү билгендей ыкмалар менен бул кайгыдан чыгууга аракет кылып жатышкан эле. Ал эми Жессикага кыйла жеӊил болду, анткени ал үчүн эки жакын адамы кам көрүп, аны колдоп турушту. Эми ал жакын курбусу менен руханий насаатчысынын колдоосун кабыл алгандан кийин, эжесине жана инисине жардам бере аларына үмүттөнүп жатты. Ой жүгүртүү убактысы Жессика сыяктуу эле, ата-эненин ажырашуусунан кийин сиз көптөгөн ар кандай эмоцияларды сезишиӊиз мүмкүн. Сиздин ичиӊизди кайгыруу, көӊүл чөгүү, үмүтсүздүк, жалгыздык, коркунуч жана ачуулануу толтурушу мүмкүн. Мурда ыйлап көрбөгөндөй ыйлашыӊыз да мүмкүн. Ошондой эле эмоциялык жактан боштукту да сезишиӊиз мүмкүн. Жана ошону менен биргеликте, сиз ата-энеӊизге ачууланып, керек болсо мунун бардыгына жол берип жаткан Кудайга да ачууланышыӊыз мүмкүн. Кантсе да, бул сезимдердин бардыгы нормалдуу жана кадимки эле сезимдер экендигин, мында таӊ каларлык эч нерсе жок экендигин толук түшүнүү зарыл: анткени Кудай бизди ушинтип жаратып койгон. Сиздин эмоцияларыӊыз — жан дүйнөӊүздү толтуруп жаткан азап-кайгыӊызды сыртка чыгаруу үчүн коюлган атайын клапанга окшош. Джиннинин кайгысын ичине катпастан, аны сыртка чыгаруу жөнүндөгү Жессикага берген эӊ жөнөкөй кеӊеши — толугу менен туура болгон. Ошондой эле ал Жессиканын жанында отуруп, аны менен чогуу ыйлаганы да туура болгон. Мындай мамиле Ыйсанын: «Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат» (Мат. 5:4) деген сөздөрүн чагылдырып турат. Ый — бул руханий кайгыруунун сыртка чыгуу процесси жүргөн убакыт. Сиздеги кайгыны жана жарааттарды башкаларга айтуу менен, сиз өз сезимдериӊизди аныктай аласыз. Так ушундай жол менен Кудай ата-эненин ажырашуусун коштоп жүргөн оор жарааттардан сизди айыктырууну жана сизге бата берүүнү каалайт. Ажырашуу — бул никенин өлүмүнө барабар десек болот. Жана мындай абалга карата сиздин мамилеӊиз атаӊыздан же энеӊизден, бир тууганыӊыздан же жакын досуӊуздан ажыраган сыяктуу сезимдерге окшош болот. Кайгыруу — бул ушундай жагдайлардан өткөн адамдардын көпчүлүгүндө боло турган абал. Ал бир нече жумадан бир нече айга чейин созулушу мүмкүн жана анын беш стадиясы болот. Бул стадиялардан ар бир адам ар кандай түрдө өтөт. Кээ бир жеринен жеӊил эле өтүп кеткен соӊ, ага кайрадан бир нече убакыттан кийин кайтып келген учурлар да болот. Бирок үй-бүлөӊүздөгү кайгылуу жагдайларга карата болгон сиздин реакцияӊыз Жессиканын реакциясына көбүрөөк окшош болушу мүмкүн. Эӊ биринчи стадия — баш тартуу. Кээде сиздин жашооӊузда ушундай кыйынчылыктар болуп жаткандыгына ишенүүдөн баш тартып жатканыӊызды байкайсыз. Жессика үй-бүлөсүндөгү абалга болгон мамилесин, өзүнүн бөлмөсүнө кетип калып, бул тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартуусу аркылуу көрсөткөн. Сиздин башыӊызга түшкөн оор абалдан сиздин мээӊиз: «Жок, мындай болушу мүмкүн эмес» — деп, өзүн коргоого аракет кылат. Бул да өзүн коргоонун бир ыкмасы. Экинчи стадиясы — бул ачуулануу. Ушундай жагдайларда дайыма: «эмне себептен ушундай болуп жатат?» деген суроону өзүӊүзгө берүү менен, сиз тез эле ачуулана баштаганыӊызды байкайсыз, себеби бул суроого ылайыктуу жана туура жооп таба албай жатасыз. Сиз туруктуулуктун жана ишенимдүүлүктүн бир кыйла көлөмүнөн ажырадыӊыз, ошондуктан сизге мунун бардыгы адилетсиздиктей көрүнүп жатат. Жессиканын эжеси Карендей, сиздин ачууӊуз атаӊызга же энеӊизге, же экөөнө бирдей багытталат, же Жессика сыяктуу — ажырашуунун катышуучуларына эмес, ажырашуунун өзүнө багытталат. Кээде ачуулануу өзүӊүзгө да багытталышы мүмкүн, анткени сизде бул жагдайдын болуп жаткандыгына сиздин да кандайдыр бир тиешеӊиз бар деген шектенүүлөр пайда боло баштайт. Үчүнчү стадия — Кудай менен келишим түзүүгө аракет кылуу. Кудайдан болуп жаткан абалды өзгөртүп берүүсүн сурануу. Эгерде Кудай сиздин үй-бүлөӊүздү кайрадан бириктирип берсе, анда сиз жашооӊузду өзгөртүүгө убада берип, Аны менен келишим түзүп жатканыӊызды да байкай аласыз. Жессикада да өзүн-өзү күнөөлөгөн жалган сезимдерден улам, Кудай менен соодалашууга азгырыктар пайда болгон. Ал ата-энесинин ортосундагы мамилеге анын кандайдыр бир жүрүм-туруму таасирин тийгизген жана алардын ажырашуу чечимине түрткү берген деген ойдон абдан корккон. Кудай менен келишим түзүүгө болгон аракетиӊизде, сиз ата-энеӊиздин ортосундагы мамилени калыбына келтирүүнү жана өзүӊүздүн кетирген катачылыктарыӊызды оӊдоо мүмкүнчүлүгүн мотив катары колдонушуӊуз мүмкүн. Кийинки стадия — бул депрессия. Ата-энеӊиздин ажырашуусунан эч жакка качып кутула албай турганыӊызды билгенде, сизде депрессия башталышы мүмкүн. Бул — үмүтсүздүк жана азап тартуу сезимдеринин сиздин ички дүйнөӊүздү басмырлоосу. Депрессия коркунуч менен, өзүнө ишенбестик жана мында ары атаӊыз же энеӊиз жок болсо, кантип жашай турганыӊыз жөнүндө тынчсыздануу менен коштолот. Депрессиянын дагы бир аспектиси — жалгыздык. Жессика атасы кетип калганда бул сезимди башынан өткөргөн. Жана акыркы стадия — бул кабыл алуу. Убакыт өткөн сайын, жогоруда айтылган стадиялар азая баштаганда, сиз ажырашуунун реалдуулугун кабыл алып, анын артындагы натыйжалары менен кантип жашаш керектигин биле баштайсыз. Бул стадия сиздин жашооӊузда кеӊири орун алып калган күндө да, сизде ачуулануу, баш тартуу жана депрессия болушу толук ыктымал. Бирок эгерде бул кайгылуу тажырыйбаӊыз сизге жакшылык алып келиши үчүн, ичиӊизде Кудай иштеп жаткан болсо, анда бул сезимдердин сизге тийгизген зыяндуулугу минималдуу болот (Рим. 8:28 караӊыз). Кээ бир учурларда, ушул беш стадиядан өтүүгө бир нече апта өтүшү керек. Бул учурда сиздеги кээ бир эмоциялар же ойлор тынчыӊызды алып, сизди буга чейин болуп көрбөгөндөй кыйнашы мүмкүн. Ушул себептен улам, сизде: «Мени менен бир нерсе туура эмес болуп жатабы?» деген ойлор жана шектенүүлөр да пайда болот. Бирок андай эмес. Бул — жашооӊузда боло турган эӊ эле кайгылуу абалга карата сиздин мамилеӊиз кадимки эле көрүнүш, буга таӊ калыштын же коркуунун эч кажети жок. Ушул стадиялардан өтүп жатканда сизге коркунуч жарата турган бир гана нерсе бар — бул сиздеги болгон эмоцияларды ырксыз жана зыян келтире турган жолдор менен чыгаруу. Мисалы, эгерде Жессиканын депрессиясы аны өзүн өлтүрүүгө түртсө, анда анын бул кылганы эӊ эле туура эмес жана өзүнө гана эмес, башкаларга да зыян келтирген болмок. Сиздеги кайнап жаткан эмоцияларды башкаруу үчүн акылмандык керек. Биз сөз кылып жаткан бул беш стадиядан тышкары дагы башка түрдүү эмоциялар да бар. Бирок Жессика Инграмдын эмоцияларын башкарууга жардам берүү үчүн, анын «улуу эжеси» бар болгону жакшы болду. ЖЕССИКАНЫН ОКУЯСЫ Алар кафедеги столго отурар замат, Джинни Жессикадан: — Бул апта кандай өттү? — деп сурады. Жессика ийинин кууштурду. — Менимче, жакшы эле го. Албетте, ата-энемдин ажырашып жатканын кабыл алуу оор болуп жатат дечи, бирок сен мага мен өтүшүм керек болгон стадиялар жөнүндө айтып бергениӊ жакшы болду. Өткөн жумада, менимче, мен баш тартуудан жана бир аз депрессиядан өттүм окшойт, — деп жооп берди Жессика. — Мына ушул үчүн мен дагы бир нече жолу жолугалы деген элем, — деди Джинни, – сезимдерди башкаруунун эӊ эле жакшы ыкмасы — бул ошол сезимдер жөнүндө бирөө менен сүйлөшүү жана алардын артында турган нерселерге көӊүл буруу. Алар тейлөөчү кызга буйрутмаларын берген соӊ, Джинни бир баракты алып чыкты да, аны Жессикага сунду. — Ажырашуу жөнүндө сени кандай сезимдер толтуруп жатканы тууралуу ойлогон элем, — деп баштады ал. — Мен аларды жазып алайын деп чечтим. Карап көрчү, бул тизмеде сенде азыр болуп жаткан сезимдер бар бекен? Жессика биринчи жазылган сөздү үнүн сыртка чыгарып окуду. — «Ишенбестик». Анан ал токтоп калды. — Ооба, мага бул сезим тааныш. Мен азырга чейин ата-энемдин ажырашып жатканына ишене албай турам. Жана ишенүүнү каалабайм дагы. Өткөн жумада мен бир түш көрдүм. Түшүмдө атам үйгө кайрылып келген экен жана апам экөөнүн мамилеси жакшы болуп калыптыр. Эрте менен мен атамды ашканада кофе ичип, гезит окуп отурганын көрөм деген ой менен ойгондум. Бирок, албетте, андай болгон жок. — Ишенбестик — бул баш тартуунун бир түрү. Ушинтүү менен сенин мээӊ катуу стресске карата, стабилдүүлүктүн белгилүү бир деӊгээлин кармоого аракет жасап жатат. Кээ бир адамдарда бул сезим, алар ошол көйгөй жөнүндө сүйлөшүүдөн баш тартуусу аркылуу, же деги эле көйгөйдүн бар экендигин толугу менен кабыл алгысы келбегиндиги аркылуу байкалат. Баш тартуу — бул өзүн-өзү коргоонун бир түрү, бирок бул туура эмес жана зыян. Себеби акыр аягында ажырашуу ишке ашкандыгын жана ушул үчүн сенин жашооӊ өзгөргөнүн кабыл алууга туура келет. Муну угуп, Жессика жай гана башын ийкеп: — Мен түшүнүп турам. Ойдон чыгарылган дүйнөдө жашоо — туура эмес жана жаман. Эгерде көйгөйдүн бар экендигинен баш тартсаӊ, аны чечүү мүмкүн болбой калат, — деди. — Муну түшүнүп жатканыӊ жакшы, — деди Джинни. — Азыр Марк да ушундай болуп жатабы деп корком. Ал атам же апам жөнүндө сүйлөшүүнү таптакыр каалабай жатат. Мен алар жөнүндө сүйлөшө баштаганда эле, дароо өзүнүн компьютер оюндарына кетип калат, — деп кошумчалады Жессика. — Балким, ага жардам бериш үчүн Кудай сени колдонуп жаткандыр, — деди Джинни. — Мен Марк жана Карен үчүн сыйынып жатам. Сен үчүн да сыйынып жатам. Жессика колундагы тизмени окуганын улантты. — «Уялуу, оӊтойсуздануу, ачуулануу, күнөөлүү сезүү»… Хм… мен өзүмдү бир аз күнөөлүү сезип жатат окшойм. — Бул жөнүндө айтып берчи. Жессика бир саамга эмне дээрин билбей калды. Ушул маалда кафедеги тейлөөчү кыз аларга ширени алып келип берди. Бир нече көз ирмемге Жессика кубана түштү, анткени Джиннинин суроосуна бере турган жообун бир аз ирээттеп алышы керек эле. — Менин оюмча, атам менен апамдын ортосундагы келишпестикке менин да кандайдыр бир тиешем бардай сезилет. Мен дайыма эле жакшы кыз болгон эмес элем. Он үч жашымда мен өзүмдү бойго жетип калдым деп эсептечүмүн. Бир күнү мен үйгө, белгиленген убакыттан жарым саат кечигип келген элем, мен муну атайын кылгам. Ушул кылыгым үчүн үйдө ата-энем менен чоӊ чатак чыккан болчу. Ошондо атам мага кыйкырып: «Сен мындай кылыгыӊ менен апаӊ экөөбүздүн жашообузду ушунчалык оорлонтуп жатасыӊ, Жессика. Үй-бүлөлүк жашоо — ансыз деле оор нерсе, а сен болсо өзүӊдүн кылыктарыӊ менен аны мурункудан да оорлонтуп жатасыӊ», — деген. — Ата-энеӊдин ажырашып жаткандыгына өзүӊдү жооптуу сезип жатканыӊ мен үчүн өкүнүчтүү. Жана азыр сен өзүӊдү кандай сезип жатканыӊды мен жакшы түшүнөм. Бирок бул сенин күнөөӊ эмес. Ооба, сен үлгүлүү кыз болбогондурсуӊ, бирок эч бир уул же кыз андай боло албайт да! Ата-энелер жашоонун кыйынчылыктарын өздөрү чечиши керек, анын ичинде балдардын да көйгөйлөрү пайда болгон кезде, аларды чечүүгө ата-эне милдеттүү. Сенин ата-энеӊ кабыл алган чечимдери үчүн, жоопкерчиликти алар өздөрү тартышат, — деди соороткон үн менен Джинни. — Бирок атам ошондой деди го… Джинни анын сөзүн бөлүп: — Балким, сенин атаӊа өзүнүн көйгөйлөрү үчүн жоопкерчиликти алуу оор болуп жаткандыр. Мындай нерсе көп адамдар менен болот. Мен билем, ал сага жараат алып келүүнү каалаган эмес, бирок сенин туура эмес кылыктарыӊ, анын күнөөсүнүн бир бөлүгүн сага жүктөп коюуга шарт түзүп берген, — деди. Жессика бир саамга ойлоно түшүтү. Анан ал: — Башкача айтканда, мында менин күнөөм жок экен да, туурабы? — деди. — Жок. Ажырашуу — сенин күнөөӊ эмес жана ата-энеӊдин биригүүсү үчүн да сен жоопкерчиликте эмессиӊ. Алар эр жеткен адамдар, ошондуктан ушундай маселелерди өздөрү чечиши керек. Сенин колуӊдан келгени — аларды сүйүү жана алар үчүн сыйынуу гана. Жессика отургучка жөлөндү да, жеӊил дем алды. — Менин үстүмдү басып турган оор жүктөн арылгандай болдум! — деди Жессика. — Ии, эми жакшы — деди Джинни. — Мындан ары өзүӊдү күнөөлөгөн сезимдер сенде болбошу керек. Тейлөөчү кыз эки порция куймак алып келди. Алар жеп жатышканда Жессика тизмени окуганын улантып, өзүндө болуп жаткан дагы бир нече сезимдерге көӊүл бурду. Жессиканы толтурган сезимдерден улам, анын ички дүйнөсү ооруп турган болчу, эми болсо алардан кутулууга Джиннинин суроолору жана анын түшүндүрүп бергени жардам берип жатты. Джинни андан башка иштери жөнүндө да сурады, бирок ата-энеси ажырашып жаткандыктан, Жессика өзүнүн үйдөгү: кир жуу жана бакчага кам көрүү милдеттерин да таштап койгондугу үчүн бир аз уялгансып, акырын жооп берди. Муну угар замат Джинни ал күтпөгөн нерсени кылды: ал телефонун алып чыкты да, Наталиге чалып, Жессикага үй иштерин бүтүрүүгө чогуу жардам берүүнү макулдашты. Өзүн бир аз ыӊгайсыз сезгени менен, Жессика жеӊилдене түштү. Адатта, ал абдан тыкан кыз эле. Бирок азыр ал ушунчалык маанайы чөгүп тургандыктан, үйдөгү ишти кылгысы келген эмес болчу, эми болсо Натали ага жардам берерин билгенде, абдан кубанып кетти. Убакыт тез эле өтүп кетти жана Джинни жумушуна барышы керек эле. Алар кийинки ишембиде да жолугушууну макулдашып, сөздөрүн улантууну чечишти. Жессика Джиннинин кам көрүүсүнө жана анын кеӊештерине ыраазы болуп, үйүнө кайтты. Жана келе жаткан аптага да үмүт толо жүрөк менен карады. Ой жүгүртүү убактысы Башыӊыздан кайгы өтүп жаткан мезгилде сизде үч муктаждык пайда болушу мүмкүн жана ушул мезгилде сизге Джинниге окшош руханий насаатчылар жана Наталидей машаякчы достор жардам бере алышат. Башкалар сизге өз убагында жардам бере алышы үчүн, бул муктаждыктарыӊыз жөнүндө билүү да өтө маанилүү. Сиз сооронууга муктажсыз. Сиздин ата-энеӊиз ажырашып жаткандыгын билгениӊизде, сиздин эӊ эле чоӊ муктаждыгыӊыз бул — сизди бирөө жарым сооротушу. Жессика өзүнүн ата-энесинин ажырашкандыгы жөнүндө Джинниге айтканда, ал так ушуну кылган. Биздин жан дүйнөбүз кыйналып жаткан мезгилде, биздин эӊ чоӊ сооронучубуз бул — кайгыбызды теӊ бөлүшө турган адамдарыбыздын жаныбызда бар болгондугу. Кудай бизге Өзүнүн сооротуусун башка адамдар аркылуу жөнөтөт. Пабыл элчи жазгандай: «Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат» (2 Кор. 1:4). Сооротуу деген эмне? Алгач ал эмне эмес экендигин көрүп алганыбыз пайдалуу болоттур. Сооротуу — бул бекем жана кайраттуу болууга чакырык эмес. Сооротуу — бул эмне үчүн адамдарда көйгөй боло тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасоо эмес. Сооротуу — бул Кудай бардыгын башкарып тургандыгы жөнүндөгү туура сөздөрдүн жыйындысы эмес. Мунун бардыгы убактысы келгенде пайдалуу болушу мүмкүн, бирок булар биздин сооронууга болгон муктаждыктарыбызды толтура албайт. Адамдар биздин оор абалыбызды сезип жана биз менен кошо кайгыруусу аркылуу бизди соорото алышат. Ыйса Өзү да досу Лазар өлгөндө сооротуу кызматын көрсөтүп берген (Жак.11 бөлүмдү караӊыз). Ыйса Лазардын карындаштары Марта менен Мариянын үйүнө келгенде, алар менен чогуу ыйлаган (33–34‑аяттарды караӊыз). Андан кийин гана Ал Өзүнүн ажайыбын — Лазарды өлгөндөн тирилтүүсү аркылуу көрсөткөн (38–44‑аяттарды караӊыз). Эмне үчүн Ыйса кайгыдан азап тартып жаткан Марта менен Марияга: «Ыйлаштын кереги жок, Лазар жакында тирилет» деп айткан эмес? Анткени ошол учурда алар алардын кайгысын теӊ бөлүшкөн адамга муктаж болуп турушкан. Ыйса алардын кайгысы менен көз жашын теӊ бөлүшүп, алардын муктаждыгын толтуруп берген. Андан кийин гана Ал керемет жасап, алардын кайгысын кубанычка айланткан. Биз кыйналып жатканда жалгыз эмес экенибизди билишибиз керек, ошондо гана биз соороно алабыз. Пабыл элчи да бизди: «Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (Рим. 12:15) — деп үйрөткөн. Сиз кайгырып жаткан учурда, адамдар сизди кайраттуу болууга чакырып же болуп жаткан окуянын себептерин түшүндүрүүгө аракет кылуу менен сизди сооротушат. Бирок алар чыныгы сооротуу деген эмне экендигин билбеши мүмкүн. Ошондо жаныӊызда сиз муктаж болгон сооротууну бере алган, Джинни Шоуга окшогон бирөө бар экендигине үмүттөнүү керек. Сиз менен чогуу кайгырып, кыйналып жана керек болсо, чогуу ыйлаган адам аркылуу, сиз Кудайдын кам көрүүсүн сезе аласыз. Джинни Шоу — оор абалга туш болгон адамды соорото алган, чыныгы сооротуучунун жакшы үлгүсү. Сиз колдоого муктажсыз. Жессиканын кайгысына бир эле сооротуу эмес, андан да көбүрөөк нерсе керек. Ал колдоого да муктаж. Сооротуу менен колдоо көрсөтүүнүн ортосунда кандай айырмачылык бар? Адамдар сиздин кайгыӊызды эмоционалдык жактан теӊ бөлүшүү менен соорото алат, ал эми алардын сизге иш жүзүндө жардам берүүсү — бул колдоо көрсөткөнү. Күнүмдүк жашоо койгон тапшырмалар, сиз оор жагдайларды башыӊыздан өткөрүп жаткан мезгилде деле кала бермекчи. Бирок эмоционалдык жактан кыйналып жатканыӊызда, сиз күнүмдүк милдеттериӊизге аз күч жумшап, аларга көӊүл бурбай калышыӊыз мүмкүн. Ошондуктан сиз күнүмдүк иштериӊизде кимдир бирөөнүн убактылуу жардамына муктаж болосуз. Сиз: «Бири-бириӊердин кыйынчылыгыӊарды көтөргүлө, ошентип, Машаяктын мыйзамын аткарасыӊар» (Гал. 6:2) деген осуятты аткарган адамдардын жардамына муктажсыз. Джинни Жессиканы дагы жолугууга чакыруусу аркылуу анын ойлору менен сезимдеринин баш аламандыгынан чыгуу жолун табууга жардам берди. Жессиканы толтуруп жаткан эмоцияларга кандай мамиле кылуусу керектигине, Джинни иш жүзүндөгү руханий кеӊешти бере алды. Жана Жессика кыйналып жүргөн күндөрүндөгү аткара албай калган күнүмдүк үй жумуштарына жардам берүүсү тууралуу Натали менен макулдашты. Сизге бирөө жардам берейин деген сунушту этибарыӊызга албай же андан таптакыр эле баш тартууну каалашыӊыз ыктымал. Сиз бардыгын өзүӊүз эле жасап кое алам деп эсептешиӊиз мүмкүн, же өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүз менен башка адамдарды тынчын алууну каалабайттырсыз. Бирок мындай кылбаӊыз. Сиздин жашооӊузда сиз башка адамдардын жардамына муктаж болгон күндөр болорун Кудай билет, ошондуктан Ыйык Жазуудагы Галаттыктарга жазылган катта (6:2) бул тууралуу сөздөр жазылган. Башка адамдар сизге жардам берүүсүнө жол бериӊиз жана алган жардамыӊыз үчүн ыраазы болуӊуз. Анткени сиздин башыӊызга кыйынчылык түшкөн мезгилде, Кудай ушундай жол менен сиз үчүн кам көргөнүн көрсөтүп жатат. Сиз иш жүзүндөгү жардамга муктаж болуп жатасыз дейли, бирок эч ким сизге өз жардам сунуштабай койсо кандай болот эле? Ошондуктан сураӊыз. Өзүӊүздүн көйгөйлөрүӊүздү жакын, ишенимдүү досуӊузга, жаштар кызматынын жетекчисине же жыйын кызматчысына айтып берип, алардан жардам сураӊыз. Жардам суроонун жаман жери жок. Мисалы, эгерде Джинни Наталиге телефон чалбаса, анда Жессика өзү деле курбусуна жардам сурап кайрылса туура болмок. Көпчүлүк учурда адамдар жардам берүүнү каалашат, бирок эмне кылышты билишпейт. Аларга сиз кандай жардамга муктаж экендигиӊизди айтып берип, сизди колдоосуна көмөктөшүӊүз. Сиз кубатталууга муктажсыз. Сооротуу менен колдоо көрсөтүүдөн тышкары, сиз кубаттоого да муктажсыз. Сиз кубаттоону башка бирөө сиздин маанайыӊызды көтөрүүгө аракет кылып жаткандыгы аркылуу кабыл ала аласыз. Жессика да Джинни ал үчүн сыйынып жаткандыгын айтуу үчүн, ага телефон чалган сайын жана электрондук кат жөнөткөн сайын жандана түшчү. Натали да анын иштери кандай болуп жатканын билүү үчүн келген күндөрү ал кубанчу. Ушуга окшогон кубаттоолор иш түрүндө жардам берүү сыяктуу эффективдүү болбосо да, абдан маанилүү. Дагы бир ирет кайталап кетмекчимин, эгерде муктаж болуп турганыӊызда сизди эч ким кубаттабай жатса, анда сураӊыз. Сиз үчүн кам көрүп жаткан адамга: «Мени кучактачы» же «Менин жанымда болуп турчу» деп суроо кадимки эле көрүнүш. Бизди сүйгөн адамдардан сооротууну, колдоо көрсөтүүнү жана кубаттоону кабыл алып жатсак, анда ата-энебиздин ажырашуусунан улам пайда болгон жашообуздун өзгөрүүлөрүн жеӊилирээк көтөрө алабыз. Азыр болсо, Жессика ата-энесинин ажырашкандыгы тууралуу жарыялаган күндөн баштап, акыркы бир айдын ичинде болуп өткөн сезимдери жөнүндө айтып бермекчи. ЖЕССИКАНЫН ОКУЯСЫ Джинни менен Жессиканын үч жолу жолугушуусунун акыркысына Даг Шоу да келди. Ал ишемби сайын эрте мененки тамакты жалгыз жегенден чарчагандыгын айтып, тамашалады. Чындыгында, ал Джиннинин чакыруусу жана Жессиканын макулдугунан кийин келген болчу. Ушул айдын ичинде Жессика үчүн ал да сооронуунун, колдоонун жана кубаттоонун булагы боло алды. — Бул апта баарынан кыйын болду болушу керек, туурабы, Жесси? — деди Джинни, Даг тамак үчүн сыйынып бүткөндөн кийин. Жессика башын ийкеди. — Ооба, кечээ ажырашуунун акыркы чекити коюлду. Бул тим эле «Кара жума» (Черная пятница) сыяктуу болду. — Эми азыр, сен өзүӊдү кандай сезип жатасыӊ? — деп сурады Даг. Жессика өзүн жакшы эле көӊүлдүү сезип тургандыктан, ушундай маанайда сүйлөөгө аракет жасап жатты. — Мм, дегинкиси, жакшы эле. Акыркы бир ай бою мен ата-энем кылган чечимдерин өзгөртсө экен деп үмүттөнүп жана сыйынып жүрдүм. Бирок андай болгон жок, — деп жылмайды да, тезинен кошумчалады: — Тынчсызданбагыла, мен болуп жаткан абалдан баш тартууга аракет жасаган жокмун. Атам менен апам биротоло эки башка жолго түшкөндүгүн мен билип турам. Бардыгы ушундай болгонуна өкүнүп турсам да, бул үчүн мен өзүмдү күнөөлөбөй калдым. Жөн гана, алар Машаякты таанып калышсын жана кайрадан биригишсин үчүн сыйынганымды улантып жатам. Так ушундай тартипте болсун деп жатам. — Бул эӊ жакшы сыйынуу, — деп ишендирди Даг. — Кантсе да, кечээги күн сен үчүн абдан кайгылуу болгондур, чынбы? — деп сурады Джинни. Жессика швед куймагын тиштеп, аны чайнап, акырын жутту. — Ооба. Почтачы адам келгенде мен эшикте элем. Каттардын катмарында расмий түрдөгү билдирүү каты да бар экен. Апам ошол билдирүүнү менин көзүмчө ачты. — Сага оор болду болушу керек, — деди Джинни. Жессика бир саамга ойлоно түштү. — Апам, менин оюмча, жеӊилдей түшкөндөй болду. Билдирүү кат сыяктуу эле, мени апамдын ага болгон мамилеси тынчсыздантып турду: себеби анын буга кубанып жатканын көрүү мага оор болду. Менин оюмча, атам менен мен эмес, ал ажырашканын апам толук түшүнө электей сезилет. Ал — менин атам жана мен аны абдан жакшы көрөм. Бирок апам муну таптакыр түшүнө элек. Даг колундагы аш айрысын коюп: — Жесси, сенин апаӊ атаӊа карата сенин сезимдериӊди түшүнбөй жаткандыгы өкүнүчтүү, — деди. Жессика ээгин бармагы менен сыйпалап койду. — Рахмат, бирок мен муну өзүм жеӊишим керек. Убакыт айыктырат деп Джинни туура айткан. Биздин жолугушуулар аркылуу мен кыйналган күндөрүмдөн жакшыраак өтүүнү үйрөндүм, — деп Жессика жылмайды да, Джинниге ыраазычылык толгон көздөр менен карады. Джинни жооп катары көзүн кысып койду, анан: — Карен менен Марк кандай? — деп сурады. — Карен дагы деле кээде эшиктерди тарсылдатып калат. Бирок акырындык менен көнө баштаганы көрүнөт. Марк да акырындык менен ачыла баштады. Күн сайын кечинде мен аны менен бир нече мүнөт сүйлөшүү үчүн, анын бөлмөсүнө барам. Мен анын акыбалын сураганда, ал эмне дээрин билбегендиктен, унчукпай отура берет. Ошондуктан мен башка жагынан сөз баштап, сүйлөшүп көрүүнү чечтим: сен мага берген сезимдердин тизмесин колдонуп, ага: «Марк, атам менен апамдын ажырашып кеткенине кайгырып, өзүӊдү ыӊгайсыз сезип жатасыӊбы?» — деп сурайм. Ал үчүн «Ооба» же «Жок» деп жооп берүү жеӊилирээк. Анан ал «ооба» десе, сен мени соороткондой, мен да аны сооротуп, кубаттоого аракет кылам, — деди Жессика. Муну укканда Джиннинин жүзү жаркырай түштү. — Бул эӊ сонун, Жесси! Бул мага Корунттуктарга жазылган экинчи каттын биринчи бөлүмүндөгү аятты эске салып жатат. Сен өзүӊ кабыл алган сооронуч менен Маркты сооротуп жатасыӊ, — деди да, Дагга кайрылып: — Менимче, Жесси Элисон менен жолугууга даяр го дейм. Кандай ойлойсуӊ? — деп сурады. Даг жылмайып, башын ийкеди. Джинни кайрадан Жессиге кайрылып: — Элисон Гилберг — ал биздин жаштар тобундагы жаӊы кыз, жетинчи класста окуйт. Өткөн жумада биз анын ата-энеси жазында ажырашып кеткенин билдик. Ал бул жерге апасы менен көчүп келген эле. Биз Даг экөөбүз сенден аны менен жолугуп, өзүӊдүн тажырыйбаӊ менен бөлүшө аласыӊбы деп сурайлы деген болчубуз? Бул Жессиге жага түштү, бирок ошол эле учурда коркуп кетти. — Мм, билбейм. Мен жан сооротуучу эмесмин да. Ыйык Жазууну да жакшы билбейм… — Биз сени анын жан сооротуучусу бол деген жокпуз, — деди Даг. — Сен Маркты соороткон сыяктуу эле, аны да сооротуп, кубаттооӊду суранып жатабыз. Ага өзүӊдүн окуяӊды, ата-энеӊдин ажырашканын башыӊдан өткөрүп жатып, эмнелерге үйрөнгөнүӊдү айтып берсеӊ жакшы болот. Сен муну кыла аласыӊбы? Жессика бирде Дагды, бирде Джиннини карап: — Жөн гана, Марк менен сүйлөшкөн сыяктуу эле, аны менен да сүйлөшүшүм керекпи? Ушул элеби? — деп сурады. Даг менен Джинни бирдей баштарын ийкешти. Күтүлбөгөн жерден Жессика үчүн бардыгы жөнөкөй боло түштү. — Ооба, албетте, мен муну кыла алам, — деди ал. — Аны менен качан жолуксам болот? Даг колуна аш айрысын алып: — Мен өзүмдүн куймактарымды жеп бүткөндө гана, — деди ал жагымдуу каткырып. Ой жүгүртүү убактысы Жессика айткандай, ата-эненин ажырашуусунун натыйжалары менен күрөшүүнүн эӊ эле мыкты жардамчысы — бул убакыт. «Убакыт баарын айыктырат» деген эски макалда бир кичинекей чындык бар. Ыйык Жазууда бул жөнүндө мындай дейт: «…Кечинде — ый, эрте менен болсо — кубаныч» (Заб. 29:6). Үй-бүлөӊүздөгү оор кыйынчылыкты көтөрүп кетүү үчүн, сизге убакыт талап кылынарын билиӊиз. Сизди толтуруп жаткан сезимдер менен ойлордун баш аламандыгын ирээттеп алыш үчүн, сизге убакыт керек. Булар тууралуу тажырыйбалуу машаякчы достор жана жетекчилер менен сүйлөшүү үчүн да убакыт керек. Бир нече жума өткөндөн кийин гана, сиздин кайгыӊыз акырындык менен азайып, кадимки жашоого кайтып келе аласыз. Убакыт сизге иштеп берүүсүнө жол бериӊиз жана оору менен кайгы бат эле кетип калат деп күтпөӊүз. Жессика Инграм кыйын сыноону башынан өткөрдү. Ата-энесинин ажырашуусу ага эӊ эле оор эмоционалдык сокку берди. Бирок ал мындан жакшы өтүп жатат. Азыр ал реалдуулук менен баш тартуу жана өзүн-өзү айыптаган жалган сезимдердин дүйнөсүнүн айырмасын көрө алат. Керек болсо ал башка адамдын кайгысын түшүнүп, ага жардам да бере алат. Жессика дагы деле болуп өткөн нерсеге тынчсызданат, бирок анын кайгыруусу азайып калды. Ата-энеӊиздин ажырашкандыгы үчүн ушул учурдагы азап тартканыӊыз ушунчалык оор болгондуктан, сиз мурункудай жашоого кайрадан кайта алышыӊыздан шектенишиӊиз мүмкүн. Бирок сиз Кудайга таяныӊыз жана төмөнкү нерселерди эсиӊизден чыгарбаӊыз: Өзүӊүздүн кайгыӊызды сыртка чыгарыӊыз. Кудай клапан катары кызмат кылуу үчүн эмоцияларды жараткан, алар аркылуу сиздин кайгыӊыз, ачууланууӊуз жана көӊүл калууӊуз сыртка чыгат. Өзүӊүздүн сезимдериӊизди ичиӊизге катууга аракет кылбаӊыз. Айыгуу процесси башталыш үчүн, алардын сыртка чыгуусуна жол бериӊиз. Башка адамдар сизди сооротушуна, колдошуна жана кубатташына жол бериӊиз. Кудай сиздин жүрөгүӊүздү айыктыруу үчүн, башка адамдардын катышуусун колдонот. Ошондуктан сиздин үй-бүлөӊүз жана досторуӊуз сизди сооротсун, кубаттасын жана иш жүзүндө да жардам берсин. Бардыгы өтүп кетүүсү үчүн, өзүӊүзгө убакыт бериӊиз. Кайгыруунун ар бир тепкичинен өтүүгө — болуп жаткан нерседен баш тартууга, ачууланууга, Кудай менен келишим түзүүгө, депрессияга жана кабыл алууга бир нече жума, же бир нече айлар да талап кылынышы мүмкүн. Бирок эсиӊизде болсун, убакыт өтөт жана сизге жеӊил боло түшөт. Башка адамдарды да сооротуп, колдоп жана кубаттай алышыӊыз үчүн, Кудай сизди колдонуусуна жол бериӊиз. Сиздин сооронуч алган кымбат тажырыйбаӊыз, сизге башкалардын кайгысында жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн, бирок ата-энесинин ажырашканынан кыйналып жаткандарды сооротууга, колдоого жана кубаттоого сизде сөзсүз мүмкүнчүлүктөр болот. Кудай Жессикага окшоп, ата-энесинин ажырашкандыгынын оор таасирин башынан өткөрүп жаткан өспүрүмдөргө жардам бере аларын билүү, кубантат эмеспи, туурабы? Ал мындан да чоӊ нерсени жасай алат — Кудай сизге жардам бере алат. АВТОРЛОР ЖӨНҮНДӨ ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматынын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатында, Даллас шаарында жашашат. ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажырыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.